Акча жана айланасындагы мифтер жана уламыштар, суроолор жана жоромолдор.
А айтмакчы, деги эле акча деген эмне? Ал чын эле адамды бузабы? Аны сүйүш керекби же жек көрөбүзбү? Акча менен эмне өлчөнөт? Эмгек кантип бааланат? Мамлекеттин чөнтөгү деген эмне? Тойлор коррупциянын булагыбы? Бул суроолорду жана түшүнүктөрдү “Акчанын айланасында” подкастында Capital Media’нын башкы редактору Назгүл Коңурбаева чечмелейт
Совет доорунда балдар кичинекей кезинен эмгекке, болгондо дагы оор эмгекке салынып келген. Башка өнүккөн өлкөлөрдө деле балдар кичинесинен эмгекке үйрөтүлөт. Бирок бизден айырмаланып ал жакта баланын ар бир эмгеги бааланат. Бул болсо өзүнө ишенимдүү жарандарды өстүрөт.
17 Jun 2020
COVID-19: Мамлекеттик казынаны башкаруу (2-бөлүк)
Коронавирус инвекциясынын жайлышы мамлекеттик системадагы кемчиликтерди ого бетер оркойто көрсөтүп, жарандардын өкмөткө, бийликке болгон ишеними өтө солгун экенин дагы бир жолу тастыктады. Ал эми бийлик болсо жарандарга, салык төлөөчүлөргө келип түшкөн акчалардын кайда коротулуп жатканы туурасында отчет берүүдөн качып, элдин атынан аларды көзмөлдөй турган Жогорку Кеңеш депутаттары болсо тескеринче жарандык коомду бутага алды.
9 Jun 2020
COVID-19: Мамлекеттик казынаны башкаруу (1-бөлүк)
Коронавирус инвекциясынын жайлышы мамлекеттик системадагы кемчиликтерди ого бетер оркойто көрсөтүп, жарандардын өкмөткө, бийликке болгон ишеними өтө солгун экенин дагы бир жолу тастыктады. Ал эми бийлик болсо жарандарга, салык төлөөчүлөргө келип түшкөн акчалардын кайда коротулуп жатканы туурасында отчет берүүдөн качып, элдин атынан аларды көзмөлдөй турган Жогорку Кеңеш депутаттары болсо тескеринче жарандык коомду бутага алды.
17 Mar 2020
Той - коррупциянын булагы
“Акчанын айланасында” подкастынын бул эпизоду азыркы реалдуулукта абдан актуалдуу. Тойлорду түпкүрүнөн чиновниктер менен саясатчылар пара алуунун элдик ыкмасына айлантып, аны коррупциянын бир инструменти катары колдонуп келишет. Адатта,чиновниктердин тойлору өзүн актап, ал турсун киреше алып келет. Андыктан чиновниктердин тойлору токтомоюн карапайым эл дагы аларды туурай берет. Аны токтотуунун жолу болсо - аткаминерлердин кирешеси менен кошо чыгашасын дагы саноо.
10 Mar 2020
Орток мүлк түшүнүгү
Орток мүлктөн кабарыңыз барбы жана аны көзөмөлдөйсүзбү? Орток мүлк бул жалпы коомдук мүлк, ал адатта салык түрүндө элден чогултутат жана демократиялык коомдордо элдин катышуусу менен башкарылат. Орток мүлк түшүнүгүн экономикалык журналист Назгүл Коңурбаева жана ишкер Эмил Үмөталиев чечмелейт
4 Mar 2020
Акча деген эмне?
Акча чын эле адамды бузабы? Аны сүйүш керекпи же жек көрөбүзбү? Акча менен эмне өлчөнөт? Эмгек кантип бааланат? Мамлекеттин чөнтөгү деген эмне? Тойлор коррупциянын булагыбы? Бул суроолорду жана түшүнүктөрдү “Акчанын айланасында” подкастында Capital Media’нын башкы редактору Назгүл Коңурбаева жана Kyrgyz Concept компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Эмил Үмөталиев чечмелейт.
Contact Акчанын айланасында
Guest appearances
Books guests
Based on episode analysis; this does not confirm that the show is currently accepting guests.
Host of Акчанын айланасында?
Claim your podcast to manage its listing and keep your show details accurate.
Pod Engine is an independent podcast discovery and analytics service and is not affiliated with or endorsed by this podcast. Artwork and show content belong to their owners. Full legal notice.
Explore this show Podcast research with Pod Engine