Учурдун ата-энелери балдары менен кантип сүйлөшүшөт? Эмне жөнүндө? Кантип окутат? Эмнелерди үйрөтөт? Же азыркы балдарга эч нерсени үйрөтүүнүн кереги жокпу? Балага тарбия берүүдө кандай жагымдуу жана жагымсыз учурлар болот?
Ушулар жөнүндө “Бала-чака” подкастын угуп, маалымат алсаңыз болот. Алып баруучулар бала-чакалуу Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу.
Үй-бүлө темасына арналган “Бала-чака” подкастын Bilesinbi.kg сайтынан, Youtube каналынан, Aple podcasts, Google podcasts, RadioPublic Link платформаларынан уга аласыз.
Баланы үй иштерине аралаштырып керекпи же жөн эле коюш керекпи?
Бала үй иштерине жардам берүүгө милдеттүүбү же бала болгондон кийин тим эле коюш керекпи? Канткенде жардам берет? Мактап койсо эле жетиштүүбү? Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу жеке тажрыйбасы менен бөлүшүшөт.
30 Apr 2020
Кыз менен эркек баланы тарбиялоонун айырмасы барбы?
Экөөнө тең бирдей мамиле кылып, бирдей тарбиялаш керекпи? Балдарды кыз-эркек деп бөлөбүзбү же улуусу кичүүсү деп бөлөбүзбү? Уулдары жана кыздары менен болгон мамилелери тууралуу Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу айтып беришет.
26 Apr 2020
Бала менен бирге сабак окуш керекпи же жокпу?
Ата-энелердин элестетүүсүндө идеалдуу бала сабагын өзү окуйт жана мектептен жалаң беш алып келет. Тилекке каршы жашоодо андай эмес. Балдарыбыз менен сабакты бирге окуп туура кылып жатабызбы же жокпу? Чоң класста окуган балдар менен эмне үчүн сабагын окубайбыз? Алар өз алдынча болуп калгандыктанбы же алардын сабагына мээбиз жетпейби?
17 Apr 2020
Баланын шиши толгондо уруп койсо болобу, же такыр кол көтөрбөш керекпи?
Биз балдарыбызды абдан жакшы көрөбүз, а бирок кээде алар ачууңду келтирет. Андайда эмне кылуу керек? Балаңыз сизди тартып көк бет экенин көргөндө сыймыктандыңыз беле? Мектепте мугалимдин указкасы эмнеге керек экенин канчанчы классыңызда түшүнгөнсүз? Подкастынын алып баруучулары Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу ушулар туурасында сүйлөшүшөт.
10 Apr 2020
Биз, биздин балдар жана биздин телефондор
Телефон биздин жашообуздун бир бөлүгү, үй-бүлөбүздүн мүчөсү болуп калгандай. Ансыз азыркы жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Бул чыгарылышта алып баруучулар балдарга телефон көрүүгө уруксат берүү керекпи же жокпу? Уюлдук телефон жок кезде биз кантип байланышчу элек? Балдарды көрбө деп коюп, өзүбүз телефондон чыккыбыз жок - дегендер туурасында сүйлөшүшөт.
26 Mar 2020
Эркек аялынын төрөтүнө катышыш керекпи же бул обу жок аялдардын ойлоп тапканыбы?
Аялы менен кирген туурабы же бул аялзатына гана тиешелүү процесспи? Төрөткө кирген эркек жардам береби же анын ал жерде эч кандай пайдасы жокпу?
11 Mar 2020
Тема: Балалуу болууну пландаштыруу керекпи, же кудай бергенин төрөй бериш керекпи?
Ар бир баланын өз ырыскысы бар. Же азыркы заманда бардыгын пландоо керекпи, анын ичинде балалуу болууну дагы? Кийинки эркектер мурункуларга салыштырмалуу баласак болуп калганбы?
26 Feb 2020
Бала-чака подкастынын тизери
Бала-чака подкасты бала-чакасы бар адамдар үчүн. Алып баруучулар Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу балдарына тарбия берүүдө кетирген кемчиликтери жана ийгиликтери жөнүндө сүйлөшүшөт.
Contact "Бала-чака" бала-чакалуулар үчүн подкаст
Guest appearances
Does not typically book guests
Based on episode analysis; this does not confirm that the show is currently accepting guests.
Host of "Бала-чака" бала-чакалуулар үчүн подкаст?
Claim your podcast to manage its listing and keep your show details accurate.
Pod Engine is an independent podcast discovery and analytics service and is not affiliated with or endorsed by this podcast. Artwork and show content belong to their owners. Full legal notice.
Explore this show Podcast research with Pod Engine