«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.
Мазмуну
0:06 Жаныбек Мукаштан подкаст башы
0:25 Дастан Биримкулов. Кесиби жана өзү жөнүндө.
1:22 Музыка дуйнөсү, адамдар музыканы эмне себептен үйрөнүүсү керек? Музыка адам баласына эмнеге керектелет? Классикалык музыканын мааниси жана таасири?
6:50 Кыргызстандык музыкант кантип өз потенциалын колдонуп каражат тапса болот? Монетизация жасоонун жолдору, түрлөрү. 12:23 Бишкек шаарында музыканттар эмне себептен көчөгө өз алдынча чыгып эл астында ойношпойт? Жакшы идеянын жарыяланышы.
19:49 Техникалык кыйынчылыктардын башка дагы кандай кыйынчылыктар бар? Жаш курагы ортолоп калган адамдар музыкалык аспаптарын үйрөнүү мүмкүнбү? Кандай талаптар бар?
22:13 Кыргыз музыкалык аспаптары канча түргө бөлүнөт?
23:51 Дастан мырзадан угармандарга эки кеп сөз.
25:18 Жакын арада пландалып жаткан концерттер тууралуу. Жергиликтүү автордук музыканы колдоо көйгөйү. Таланттуу жергиликтүү композиторлордун ийгилиги эмнеден көз каранды?
30:34 Кыргыз искусство адамдарынын жеке портфолио түзүү темасы. Колдонулуп жана кетирип жиберген мүмкүнчүлүктөр, контент жаратуу, жеке бренд түзүүдө маркетингдин орду.
45:20 Элдин музыка маданиятына болгон көз карашынын европалыктар менен кыргыздардын айырмачылыгы эмне себептен келип чыккан?
50:18 Подкасттын соңу.
8 Sept 2022
#59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары
Мазмуну
0:12 Азамат Токтакуновдон саламдашуу
2:16 Тааныштыруу. Махабат Садырбек
3:33 Чөйрөнү жасоодо бир нече этаптардан кийин, универсалдуу бир платформа жасоо аракетинин жыйынтыгы кандай болду? Чөйрөнүн азыркы варианты кандай?
06:54 Тааныштыруу. Азамат Жаманкулов
07:34 Келечек Дижитал командасында иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрөнүн идеясына кандайча ишенип кошулуп калдыңар? Бишкекте Чөйрөнүн идеялары кандай кабыл алынып жатат
12:23 Тааныштыруу. Гулира Калыкова
12:50 Стамбулда туруп иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрө платформасы иштерди кандай алып барып жатат?
16:59 Тааныштыруу. Мээрим Абдрахман кызы.
17:20 Чөйрөчүлөрдүн долбоорлордогу ички процесстери кандай жүрүп жатат? Өз тажрыйба таржымалы кандай?
24:33 Азамат Токтакуновдун Чөйрө платформасын жасап, иштетүүдөгү тажрыйбасы. Чөйрөнүн келечеги кандай болуш керек? Чөйрөнү ким үчүн жасап жатабыз? Чөйрөнү өнүктүрүүдө кайсы нукка бурулуусу керек?
35:15 Чөйрө платформасын жаңы кошула турган жаратмандарга кантип жеткире алабыз? Эл арасына кандай кадамдар менен жайылта алабыз? Ушул жолдогу кийинки кадамдарыбыз кандай болуусу керек?
35:35 Чөйрө платформасы бул жеңил, көңүл ачуучу жер эмес, тескерисинче оор салмактуу, иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан жаратмандар болгон жер.
49:32 Кызыктуу маек, кызыктуу подкасттын соңу.
2 Sept 2022
#58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар
Мазмуну
0:08 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Жер жүзүнүн төрт бурчунан коноктор менен ITнин келечеги, кандай иштер жасалды жана дагы кандай иштер болот? Келечек, Чырак долбоорлору бүтүп, кандай жыйынтыктар болду?
1:17 Тааныштыруу. Сейитбек Усманов
2:12 Getforce буткемптин идеясы кайдан келип чыккан? Кандай жыйынтыктар болду? Азыр кандай иштеп жатат жана кийинки пландар кандай?
4:56 Getforceтун пландары тууралуу кененирэээк маалымат. Дагы башка идеялар жана долбоорлор тураалуу? Бакыт Абдишов, Али Токтакунов менен коллаборациялар эмне жонундо?
8:39 IT окутуу идеясы кандайча келип чыкты?
9:14 Тааныштыруу. Бакыт Абдишов
10:07 Сейитбек Усманов жана Тимур Моун менен таанышуу. Келечек долбоорунун идеясынын жаралуусу. Келечек долбоорунан жыйынтыктар.
14:54 Тааныштыруу. Тимур Моун
15:40 Келечек, Чырак, IT классика долбоорлорунан кийин азыр, келечекте кандай иштер пландалып жатат?
26:10 Чөйрө долбоорунун иштери. Чөйрөчүлөр жана долбоорлор. Эми кандай иштерди жасоо мүмкүн? Долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору?
32:58 Айдана Омурбаеванын Tech talk каналынын кыргызстандыктарга болгон пайдасы, ютуб видеолорунун салымы чоң болду. Дүйнөнүнүн төрт бурчунан менторлордун жардамы кыргызстандыктардын жашоосунун өзгөрүүсүнө салымы чоң. Маалымат таратуунун пайдасы.
40:32 Жылдыз академиясынын кийинки пландары кандай? Дагы бекер IT окутуу долбоорлору болобу?
52:13 IT темасы тууралуу эң эле ачык подкасттын соңу.
Contact Кажы-Кужу
Guest appearances
Books guests
Based on episode analysis; this does not confirm that the show is currently accepting guests.
Host of Кажы-Кужу?
Claim your podcast to manage its listing and keep your show details accurate.
Pod Engine is an independent podcast discovery and analytics service and is not affiliated with or endorsed by this podcast. Artwork and show content belong to their owners. Full legal notice.
Explore this show Podcast research with Pod Engine