“Киши” подкастына куш келиңиз!
Кыргызстандагы диний салттар жөнүндө айтып беребиз. Сиз дагы ой бөлүшүү үчүн байланышыңыз https://www.instagram.com/aelmurat/
Кудай жок деген ынанымдан жан дүйнөсү тынчтык тапкан Куштардын окуясы.
4 Apr 2022
16. Фатима • Fatima
Бул эпизод ырчы жана аткаруучу Фатима Султанова жөнүндө болмокчу. Ал өзүнүн жан дүйнө дабышына кантип кулак сала баштаганы жөнүндө айтып берет.
5 Jan 2022
15. Улан • Ulan
Улан бул эпизоддун каарманы. Ал ишеними жашоосунда кандай багыт берип келатканын айтып берет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
5 Jul 2021
14. Асел • Asel
“Киши” подкасты кайрадан ободо! Кезектеги эпизоддо бахаи коомунун өкүлү Асел өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Подкаст жакса, дос-тааныштарыңыз менен да бөлүшүп коюңуз. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
17 Sept 2020
13. Болот, Айбек | Bolot, Ajbek
Ушуну менен Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезонду жыйынтыктайбыз. Бул сезондун акыркы эпизодунда эки мейманым өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Сиз дагы тутунган диниңиз же карманган ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышыңыз. Бонустук эпизоддор аркылуу амандашканча!
10 Sept 2020
12. Карагат | Qaragat
Бул эпизоддо Карагат менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы буддизмдин ордун жана маанисин түшүндүрүп берет.
3 Sept 2020
11. Кайырбек | Qajyrbek
Бүгүнкү чыгарылышта Кайырбектин окуясы менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы машаякчылыктын орду жөнүндө айтып берет.
27 Aug 2020
10. Нурбек, Эрмамат | Nurbek, Ermamat
Бул эпизоддо эки мейманым бар. Бири Нурбек. Ал ислам динин тутунуп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун эмгектери салым кошкону жөнүндө ой бөлүшөт. Экинчиси Эрмамат болсо бир мусулман катары бул жашоодо башкы максаты эмне экенин түшүндүрүп берет.
20 Aug 2020
9. Айчүрөк | Ajchürök
Бул чыгарылышта Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы маанисине токтолот.
13 Aug 2020
8. Рухидин | Ruhidin
Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезон башталды. Бул сезонду Рухидиндин окуясы менен ачабыз. Ал “Кришна аң сезими боюнча эл аралык коому” (ISKCON) деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет.
6 Aug 2020
2-сезон. Трейлер
“Киши” подкастына куш келиңиз! Экинчи сезонду баштоо алдында турабыз. Бул сезон Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналат.
23 Jul 2020
7. Айдай Асангулова
“Кийиз дүйнө” коомдук фонду түптөлгөндөн бери эмне иштерди жасап келатканын жана маданий мурастарды сактоо кандай мааниге ээ экени туурасында уюмдун жетекчиси Айдай Асангулова айтып берет.
2 Apr 2020
6. Муса Иманалиев
Ичкилик, көчөдө жашаган күндөр, өмүрдүн маңызын аңдап түшүнүү… Селсаяктарды жашоого кайтаруу Муса Иманалиев үчүн кандай мааниге ээ?
Анын уюму азырынча кайрымдуу адамдардын көмөгү менен иш алып барууда. Келечекте өзүн-өзү каржылап, керек болсо жардамга муктаж болгон коомдун башка аялуу катмарларына кол сунуп иштегиси келет. Муса Иманалиев “Уюм менден кийин деле кызмат кылышы керек, ошого аракет кылып жүрөм” деп беш жыл мурун айткан сөздөрүн (https://www.youtube.com/watch?v=jYKcxFaE-E0) азыркы күнгө чейин карманып келет.
"Киши" подкастынын 1-сезону ушуну менен аяктады. Жаңы сезон аркылуу амандашканча!
26 Mar 2020
5. Мээрим Осмоналиева
Ата-энеси бар, бирок ата-энесине кереги жок балдар, жетим-жесирлердин билимине жардам — бул келечекке инвестиция, кыялы жана ой-максаты жок жаштар… Эмне үчүн Мээрим Осмоналиева (https://www.facebook.com/meerim.osmonalieva) тоголок жетим балдар жана ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдар менен иштеп калган?
КАЙРЫЛУУ: Азыркы күндө коронавирустун айынан өзгөчө абал жарыяланган убакта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү азык-түлүксүз жана гигиеналык каражаттарысыз калуу коркунучунда турат. Аларга жардам бериш үчүн “Оэзис Кыргызстан” уюмунун ЭЛСОМ капчыгына акча которсоңуз болот. ЭЛСОМ капчыктын номери 0770554503.
19 Mar 2020
4. Төлгөбек Койчуманов
Сүрөт көргөзмөгө кимдер келет, коомго кантип таасир берүүнү каалайт, сүрөтчүнүн максаты — сезимди ойготуу… Төлгөбек Койчуманов көркөм өнөр тармагындагы жүрөк өйүткөн маселелер жана КОБ кантип жаралып калганы жөнүндө айтып берет.
12 Mar 2020
3. Эрулан Көкүлов
Башкы көйгөй — тамак-аштын сапаты, эл жок — бизнес жок, бир бизнес жабылышы мүмкүн, бирок… “Шекер эмес” долбоорун Эрулан Көкүлов эмне үчүн жасайт?
4 Mar 2020
2. Алтын Капалова
Феминизмге байланыштуу калыптанган көз караштар, аймактарда өткөргөн көргөзмөлөр, “Жогорку Кеңештин гүлдөрү”… Аялдардын эл аралык күнүнө арналган чыгарылышта Алтын Капалованын окуясын сунуштайм.
27 Feb 2020
1. Азамат Байматов
Бекер дүкөн, бейтаптарга берилген жардам, салынган үйлөр, алдап кайрылгандар... Кайрымдуулук Азамат Байматов үчүн кандай мааниге ээ?
20 Feb 2020
1-сезон. Трейлер
Жаңы “Киши” подкастына куш келиңиз! Биринчи сезон 2020-жылдын 20-февралында башталат. Бул сезондо коомду жакшы жакка өзгөрткүсү келген жана ал үчүн өз салымын кошкон кишилер менен тааныштырам.
Contact Киши
Guest appearances
Books guests
Based on episode analysis; this does not confirm that the show is currently accepting guests.
Host of Киши?
Claim your podcast to manage its listing and keep your show details accurate.
Pod Engine is an independent podcast discovery and analytics service and is not affiliated with or endorsed by this podcast. Artwork and show content belong to their owners. Full legal notice.
Explore this show Podcast research with Pod Engine