«Сынчыл бол» подкастынын 5-чыгарылышында амандашып жатабыз. Буга чейин интернеттеги жана социалдык тармактардагы коопсуздук, мессенджерлерди колдонуу, санарип сабаттуулук жөнүндө сөз кылганбыз. Бугун болсо пандемия убагындагы фейктердин таасирин талкуулайбыз.
Учурда дагы бул тема абдан актуалдуу болуп турат, анткени буткул дүйнө бча эмдөө иштери иштери жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда вакцинация тууралуу фейтер да көп орун алууда
18 May 2021
Вотсап жана телеграм мессенджерлери
Сынчыл бол подкастында буга чейин медиа маалыматтык сабаттуулук, социалдык медиадагы коопсуздук, балдардын интернеттеги коопсуздугу тууралуу сөз кылганбыз. Ал эми бүгүнкү чыгарылышта телефондогу мессенджерлерди туура колдонуу боюнча кенештерди беребиз. Ошондой эле вотсап жана телеграм мессенджерлеринин ынгайлуу жактарын жана артыкчыларын айтабыз...
29 Apr 2021
Санарип жашоонун оң жана терс жактары
Азыркы учурда үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү санарип жашоодо жашап келебиз. Күнүгө инстаграм, фейсбук, вотсапка кирбей тура албайбыз. Ошол эле учурда балдарыбыз дагы интернетте жашоого сүнгүп кетип, алардын интернетте эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлдөө маселеси алдыга чыгууда.
Тиркемелер, балдардын интернеттеги изин контролдоо, интернет аркылуу баарлашуунун кооптуулугу, ютубдагы контент тандоо мүмкүнчүлүгү тууралуу ушул чыгарылышта уга аласыздар!
Подкаст Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынган. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт
25 Apr 2021
Интернеттеги коопсуздук
Азыркы күндө ар бир адам уюлдук телефон колдонот. Ал телефон сатып алары менен гуглда каттоодон өтүп, логин жана сыр сөздөр менен иштөөдөн баштайт. Сыр создөрдү кантип туура коюуга болот жана сактоого болот? Социалдык медиаларда кандай маалыматтарды чыгарып же чыгарбоо сунушталат? Интернеттеги коопсуздук ар бир адамдын жашоосунда кандай мааниси бар? Ушул суроолорго жооп издеген "Сынчыл бол" подкастынын 2- чыгарылышын угуңуз!
Подкастты даярдагандар Айзада Калканбекова жана Наргиза Нанакеева.
"Сынчыл бол" подкасты Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан колдоого алынган.
8 Apr 2021
Медиа сабаттуулук кайдан келди?
Бул подкастта медиа сабаттуулук Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө эл тарабынан кандай кабыл алынып жатканын, кайсы жолду ьандасак маалыматты электен өткөрүп анан кабыл алууну үйрөнөбүз деген суроолорго жооп ала аласыз...
Подкаст Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынып, даярдалды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Contact Сынчыл бол
Guest appearances
Does not typically book guests
Based on episode analysis; this does not confirm that the show is currently accepting guests.
Host of Сынчыл бол?
Claim your podcast to manage its listing and keep your show details accurate.
Pod Engine is an independent podcast discovery and analytics service and is not affiliated with or endorsed by this podcast. Artwork and show content belong to their owners. Full legal notice.
Explore this show Podcast research with Pod Engine